ЕЭК навигациялык пломбаларды колдонуу менен механизмди ишке киргизүү үчүн бардык документтерди бекитти

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 20-февралдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинде жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонууга байланыштуу эки Тартип бекитилди. Бул тиешелүү механизмди иштетүү үчүн талап кылынган документтердин акыркылары.

Бир документ – Байкоо жүргүзүү объектисине байкоо жүргүзүүнү токтотпостон жана аларды кийин орнотуу менен, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймактары боюнча жүрүүдө (ташууда) навигациялык пломбаларды алып салууга тартылган улуттук операторлордун, ыйгарым укуктуу операторлордун (органдардын) жана контролдоочу органдардын аракеттерин жүргүзүү тартиби, ошондой эле байкоо жүргүзүү объектисине байкоо жүргүзүүнү токтотпостон жүрүү (ташуу) жолунда навигациялык пломбаны алып салууга мүмкүн болгон учурлар.

Экинчи документ – ЕАЭБдин мүчө мамлекеттердин аймактары боюнча байкоо жүргүзүү объектисинин жүргөн (ташылган) жолундагы навигациялык пломбаны алмаштырууга тартылган улуттук операторлордун, ыйгарым укуктуу операторлордун (органдардын) жана контролдоочу органдардын иш-аракеттерди жүргүзүү тартиби, жана байкоо жүргүзүү объектиси бара жаткан (ташылган) жолдо навигациялык пломбаны алмаштырууга жол берилген учурлар.

Эске салсак, 2023-жылдын апрелинде Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Ал товарларды ташууда (транзитте, экспорттоодо жана өз ара сооданын алкагында) мамлекеттик контролдоо чараларын минималдаштырууга жана Бирликтин аймагында алардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыздоого багытталган. Макулдашууда товарлардын категорияларын жана алар жылдырыла турган транспорттун түрлөрүн эске алуу менен байкоону этап-этабы менен киргизүү каралган. Мындай мамиле ташуулардын катышуучуларынын жана мамлекеттик органдардын иштин заманбап талаптарына жооп берген жаңы шарттарына жумшак көнүүсүн камсыздайт. 

"Аталган технологияны биздин Бирлик өлкөлөрүндө колдонуу жүздөгөн жана миңдеген километр аралыкта транспортко онлайн режиминде байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, – деп баса белгиледи ЕЭКтин бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимиров, – жана ошондой эле эгерде мындай учурлар болсо, пломбаланган жүк бөлүгүндө жайгаштырылган товарларга карата ар бир мыйзамсыз аракеттерди каттоого мүмкүндүк берет. Навигациялык пломбаларды колдонуунун эсебинен ташуулардын айкындуулугу камсыздалат". 

Макулдашуу жана аны ишке ашыруу боюнча ченемдик актылар, анын ичинде акыркы Тартиптер Комиссия тарабынан кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн ишкер коомдоштуктары менен биргеликте даярдалган. Мында навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө мүчө мамлекеттерде алынган тажрыйба эске алынган. 

Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан Макулдашууну практикалык ишке ашырууну баштоо үчүн зарыл болгон иш-чаралар аяктоодо. Азыркы тапта Тараптар навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөөнү баштоого өздөрүнүн даярдыгын баалашууда – маалыматтык тутумдарды интеграциялоону, улуттук деңгээлде актыларды даярдоону аяктап, тарифтерди аныктап жатышат ж. б. Улуттук деңгээлдеги бардык зарыл иш-чаралар аяктагандан кийин, Бирликтин мамлекеттери байкоо жүргүзүүнү баштоого даярдыгы жөнүндө Комиссияга маалымдашат. Комиссия өз кезегинде, Макулдашууну Бирликте практикалык колдонуу башталган күн жөнүндө тескөөчү актыны кабыл алат.