Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 021/2011) техникалык регламентине карата ыктыярдуу колдонулуучу стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Аталган техникалык регламентке карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча Программага ылайык стандарттардын тизмегин үч документ менен толуктоо, ошондой эле алардын негизинде киргизилүүчү мамлекеттер аралык стандарттар иштелип чыккан Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн үч улуттук (мамлекеттик) стандартын чыгарып салуу каралган.
Ошондой эле тизмектеги үч документти актуалдаштырылган редакцияда берүү каралган, себеби Программага ылайык аларды кайра кароо боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Стандарттардын тизмектерине өзгөртүүлөр ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий жарыяланган күндөн тартып 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бардык көрсөтүлгөн мамлекеттер аралык стандарттар ЕЭК Коллегиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы № 67 Чечими менен бекитилген ББ ТР 021/2011ге карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу (өзгөртүүлөрдү киргизүү, кайра кароо) боюнча Программаны ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
Өзгөртүүлөр Комиссия тарабынан ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 161 Чечими менен бекитилген Эл аралык жана аймактык (мамлекеттер аралык) стандарттардын тизмектерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибинин 36-пунктунун "б" пунктчасына ылайык даярдалды.
Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү коомдук талкуулоо жол-жоболорун өткөрбөстөн жана тармактык Консультативдик комитеттин отурумунда карабастан, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү мындай стандарттарга кошулган шартта, стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын сунуштарынын негизинде ишке ашырылат.