ЕЭК адистештирилген тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүнө, таңгакталган ичүүчү сууга, тамак-аш кошулмаларына жана жыт бергичтерге техрегламенттерге стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Адистештирилген тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылоо жана диеталык профилактикалык тамактануунун коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 027/2012), "Тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" (ББ ТР 029/2012) жана "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 044/2017) техникалык регламенттерге стандарттардын тизмесин актуалдаштырды.

Тизмектерге аталган регламенттерге карата программаларга ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан иштелип чыккан мамлекеттер аралык стандарттар кирген.

Атап айтканда, ББ ТР 027/2012 изилдөө ыкмаларына стандарттардын тизмесине алты мамлекеттер аралык стандарт киргизилген жана ошончо эле (актуалдуулугун жоготкон) – алынып салынган. ББ ТР 029/2012 ыктыярдуу колдонуу стандарттарынын тизмеси жана изилдөө ыкмаларына карата стандарттардын тизмеси үч жаңы документ менен толукталган, бирөө алынып салынган. ЕАЭБ ТР 044/2017 изилдөө ыкмаларына карата стандарттардын тизмесине бир стандарт кошулду, эки документ алынып салынды, ал эми дагы бир стандартты колдонуу мөөнөтү чектелүү.

Стандарттардын тизмегин иштеп чыгуу тартибине ылайык мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү ачык талкуулоо жол-жоболорун өткөрбөстөн жана профилдик Консультативдик комитеттин отурумунда каралбастан, Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүнүн ушундай стандарттарга кошулуу шартында стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

ЕЭК Коллегиясы тарабынан кабыл алынган түзөтүүлөр Комиссиянын тиешелүү чечимдери расмий жарыяланган күндөн тартып 180 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.