Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы өнөр жайлык майлуу спирттерге карата алып келүү бажы алымын 3 жылдык мөөнөткө 0% өлчөмүндө белгиледи. Учурда аталган коюм 5% түзөт.
Аталган товарлар жуучу жана тазалоочу суюк каражаттарды, косметиканы өндүрүүдө, металлургияда, текстиль, булгаары, лак жана боёк, кагаз, тамак-аш, медицина өнөр жайларында жана айыл чарбасында беттик активдүү заттарды алуу үчүн баштапкы чийки зат болуп саналат.
Учурда өнөр жайлык майлуу спирттер Евразия экономикалык бирлигинде өндүрүлбөйт, ошондуктан керектөөлөр импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен канааттандырылат.
"Кабыл алынган бажылык-тарифтик жөнгө салуу чарасы Бирликтин өлкөлөрүндөгү беттик активдүү заттардын өндүрүүчүлөрүн колдоого, алардын өздүк наркын азайтууга, ошондой эле ЕАЭБдин ички рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга жардам берет", – деди ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Аталган чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат
ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 10-мартындагы № 17 жана 2018-жылдын 13-июнундагы № 99 чечимдерине ылайык, каралып жаткан товарларга карата алып келүү бажы алымынын бажы наркынын 0% өлчөмүндөгү коюму 2015-жылдын апрель айынан 2017-жылдын декабрына чейин жана 2018-жылдын сентябрынан 2021-жылдын августуна чейин колдонулган.