Евразия экономикалык комиссиясынын Дары каражаттары боюнча эксперттик комитети 17-июлда ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Александр Субботиндин төрагалыгы астында өткөн отурумда ченемдик актылардын долбоорлорун жактырды жана аларды Комиссиянын Коллегиясынын кароосуна сунуштады.
Стерилдүү жана стерилдүү эмес дарыларды өндүрүүчүлөр үчүн биринчи жолу сунуштама түрүндө иштелип чыккан Өндүрүштүк чөйрөнүн микробиологиялык мониторингин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча колдонмонун долбоору Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бул чөйрөдөгү ыкмаларын шайкеш келтирүүнү камсыз кылат.
Ошондой эле ЕАЭБ алкагында дары препараттарынын биоэквиваленттүүлүгүн изилдөөлөрдү жүргүзүү Эрежелерине жергиликтүү колдонулуучу гелдердин, маздардын жана башка дары формаларынын биоэквиваленттүүлүгүн изилдөө үчүн моделдик тутумдарды (жасалма мембраналарды) колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген өзгөртүүлөр жактырылды. Бул донордук терини колдонуу менен жүргүзүлгөн кымбат баалуу жана татаал изилдөө жол-жобосун альтернативдүү технологиялык ыкма менен алмаштырууга мүмкүндүк берет.
Комитет тарабынан жактырылган Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдүн долбоору арыздардын формаларында жана катталган каражаттардын бирдиктүү реестринде дары препаратынын курамындагы таасир этүүчү заттардын аталыштарын (ЭПА, жалпы кабыл алынган, топтоштуруучу же химиялык аталышын)
көрсөтүү боюнча бирдиктүү ыкманы карайт.
Александр Субботин Бирликтин мамлекеттеринин эксперттерине документтерди кылдат иштеп чыккандыгы жана тиешелүү түрдө даярдагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, бул каралып жаткан маселелер боюнча консенсуска келүүгө мүмкүндүк берди.
Аталган долбоорлорду ушул жылдын август, сентябрь жана октябрь айларында ЕЭК Коллегиясынын отурумунда кароо пландаштырылууда.