Жаңылыктар

01.03.2023 (Обновлено: 01.03.2023 11:44)

Эльдар Алишеров ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалды

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 2 чечими менен Алишеров Эльдар Туралиевич Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү (министри) болуп дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги бажы кызматташтыгы маселелери кирмекчи.

ЕЭКтин жаңы министринин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында олуттуу жетекчилик иш тажрыйбасы бар.

 Буга чейин Эльдар Алишеров 2022-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.

Өмүр баяны
1985-жылы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында төрөлгөн.
2007-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин "Дүйнөлүк экономика" адистиги боюнча, ал эми 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.
Мамлекеттик кызматта эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде баштап, 2008-жылдан 2010-жылга чейин бөлүм башчысы кызматынан баштап, министрдин жардамчысына чейинки жолду басып өткөн.
2011-2014-жылдары бизнес-сектордо иштеген.
2014-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн Аппаратында иштеген.  
2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басарынын кызматын ээлеген.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
2023-жылдын 1-мартынан тарта Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) болуп дайындалды.
Бир катар ведомстволук сыйлыктары бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Үйлөнгөн, үч баланы тарбиялоодо.