Башкы
/
Жаңылыктар
/
Элдар Алишеров БУУнун Статистикалык комиссиясынын төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Элдар Алишеров БУУнун Статистикалык комиссиясынын төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
10.01.2025
10-январда Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров БУУнун Статистикалык комиссиясынын төрагасы, Швейцариянын Федералдык статистикалык башкармалыгынын башкы директору Жорж-Симон Ульрих менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, БУУнун Статистикалык комиссиясынын курамын кеңейтүүнүн перспективалары, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин анын кеңейтилген курамына кирүү мүмкүнчүлүгү жана ЕЭКтин байкоочу катары катышуусу каралды.
БУУнун Статистикалык комиссиясы глобалдык статистикалык тутумунун эң жогорку органы болуп саналат. Ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча БУУнун мүчө-өлкөлөрүнүн статистикалык ведомстволорунун жетекчилерин бириктирет. Комиссия — эл аралык статистикалык иш жаатында, атап айтканда статистикалык стандарттарга, концепцияларды жана ыкмаларды өнүктүрүүгө жана аларды улуттук жана эл аралык деңгээлдерде ишке киргизүүгө карата чечимдерди кабыл алуу боюнча башкы орган.