Эльдар Алишеров: "Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши — тармактык кызматташуунун ийгиликтүү жана жемиштүү аянтчасы"

Евразия экономикалык бирлигинин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерин жана актыларын колдонууну унификациялоо боюнча маанилүү багыттар 2023-жылдын 6-июнунда Гянджа шаарында (Азербайжан Республикасы) өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин эксперттеринин отурумунда каралды. Иш чарага Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров катышты.

ЕЭК министри КМШ мейкиндигинде тармактык кызматташтыктын эң ийгиликтүү жана жемиштүү аянтчаларынын бири болуп саналган Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин маанилүүлүгүн белгиледи. Анда КМШнын мүчө мамлекеттеринин бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо ишке ашырылат.

"Кеңештин ишмердүүлүгүнүн тарыхы көрсөткөндөй, анда каралган маселелер маанилүү колдонмо мааниге ээ, – деп белгиледи Эльдар Алишеров. — Бул, мисалы, бажылык жол-жоболоштуруу жана контролдоо максаттары үчүн бажы эрежелерин жана документтердин формаларын унификациялоо, тышкы соода статистикасынын маалыматтары менен алмашууну уюштуруу, бажы чек араларын ыңгайлаштыруу жана укук коргоо чөйрөсүндө кызматташуу боюнча бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо".

 

Отурумдун жүрүшүндө тараптар бажылык өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелери боюнча чечимдерди кабыл алышты, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн Бажы органдары тарабынан транспорттук жана коммерциялык документтерге мөөрлөрдү жана штамптарды коюу тартиби жөнүндө макулдашууга андан ары кол коюу үчүн макулдашуулардын мамлекеттик ички жол-жоболорунун процесстерин тездетүү маселеси иштелип чыкты. Бул документти кабыл алуу жүктөрдүн чек арадан өтүшүн тездетүүгө, аларды документтик контролдоо жол-жоболорундагы айырмачылыктарды жоюуга мүмкүндүк берет.

КМШнын тышкы экономикалык ишмердигинин Бирдиктүү товардык номенклатурасынын түзүмүн оптималдаштырууга тиешелүү чечимдер кабыл алынды, алар бардык катышуучу мамлекеттердин бажы статистикасынын маалыматтарын так түзүүгө, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын туура колдонууну камсыздоого, ошондой эле классификациялоо маселелери боюнча мүмкүн болгон соттук териштирүүлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет.

Катышуучулар Дүйнөлүк бажы уюмунун аянтчасында кызматташуунун негизги багыттары боюнча позицияларды координациялашты.