Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлиги боюнча өнөктөштөрү менен экономикалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү талкууланды. 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки "Евразия экономикалык жолу" мезгилинде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашырууга басым жасалды.
Жолугушууга ошондой эле ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Алексей Ведев катышты, ал 2024-жылы Кыргызстан экономикалык өсүштүн жогорку арымына — 9%га жеткенин, бул дүйнөлүк орточо деңгээлден (3,2%) бир нече эсе ашканын белгиледи. Анын айтымында, бул улуттук деңгээлде көрүлгөн чаралардын жана макроэкономикалык башкаруунун сапатынын, ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун жана тең салмактуулугун жогорулатуунун натыйжасы болуп саналат.
ЕЭКтин баалоосу боюнча, экономикалык өсүш жогорку инвестициялык активдүүлүккө жана көмүскө экономиканын деңгээлинин төмөндөшүнө негизделген. Баалардын туруктуулугу камсыз кылынды: керектөө бааларынын өсүшү 6,3%ды түздү, бул инфляция боюнча орто мөөнөттүү максаттуу багытка туура келет. Бюджеттик жана карыздык туруктуулук жогорулады: бюджет профицит менен аткарылды, ал эми ИДӨгө карата мамлекеттик карыздын деңгээли олуттуу төмөндөдү.
Көрүлүп жаткан чаралар оң макроэкономикалык динамиканы сактоого мүмкүндүк берет – муну Комиссия тарабынан 2025-жылдын I кварталы үчүн Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары тастыктап турат.