Жаңылыктар

24.04.2025

Эльмира Сыздыкова ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Сыздыкова Эльмира Жаксылыковна 1991-жылы туулган.

2014-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин бакалавриатын, ал эми 2016-жылы "Экономика" адистиги боюнча магистратурасын бүтүргөн.

Евразия экономикалык комиссиясына өткөнгө чейин Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Тышкы соода ишмердиги департаментинде ар кандай кызматтарда эмгектенген.

"Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" (2022-жылы) жана "Евразия экономикалык бирлигине 10 жыл" (2024-жылы) медалдары менен сыйланган.

2025-жылдын 22-апрелинен тартып ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалган.