Ал ишкер чөйрөлөр үчүн Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык потенциалын максималдуу ачууну камсыз кылган практикалык механизмдер жөнүндө айтып берди. Бизнести интеграция процесстерине тартуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.
"Учурдагы шарттарда ишкер чөйрөлөрдүн интеграциялык процесстерге катышуусу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн абдан маанилүү элемент болууда. ЕЭК өз тарабынан ишкердик коомдоштук менен интенсивдүү жана ачык өз ара аракеттенүүнү жүргүзүүгө болгон маанайды дайыма тастыктайт", – деп баса белгиледи Ернар Бакенов.
Департаменттин директору эл аралык аудиторияга Бирликтеги ченем жаратууга бизнестин тике таасир этүүсүнүн инструменттерин сунуштады, мисалы, жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) жана иш жүзүндөгү таасирди баалоо (ИТБ) жол-жоболору. Ошондой эле ал катышуучуларга Комиссиянын ишинин конкреттүү жыйынтыктары, анын ичинде ишкерлердин актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү жана бизнести жүргүзүү үчүн интеграциянын оң натыйжалары жөнүндө маалымдады.
Ернар Бакенов кооперациялык долбоорлорду колдоо аркылуу интеграциялык күн тартибин реалдуу экономикалык мазмун менен толтурууга, ошондой эле негизги соода өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүүнүн эсебинен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн компанияларынын экспортун кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өзүнчө токтолду.
Аягында ЕЭК өкүлү диалогго катышкан ишкерлердин жана инвесторлордун суроолоруна жооп берип, Комиссиянын ишкер коомдоштуктун суроо-талаптарына практикалык багытталгандыгын тастыктады.