Жаңылыктар

17.08.2016

“Биримдиктин аймагында интеллектуалдуу айыл чарбасын санарип процесстери менен камсыздоо” эксперттик тематикалык сессиясы

Page Content2016-жылдын 17-августунда ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Карине Минасяндын жетекчилиги алдында “Биримдиктин аймагында интеллектуалдуу айыл чарбасын санарип процесстери менен камсыздоо” эксперттик тематикалык сессиясы болуп өтөт. Иш чара ЕАЭБтин санариптик мейкиндигин камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун алкагында өткөрүлөт. Эксперттик тематикалык сессияга мүчө мамлекеттердин аткаруу бийлигинин органдарынын, ыйгарым укуктуу органдарынын, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, ЕЭКтин кызмат адамдары жана кызматкерлери катышат. Иш чара өткөрүлүүчү жер жана убакыт: Москва ш., Смоленск бульвары 3/5-үй, 1-курулуш. 220-кабинет. Иш чаранын башталышы: 11:00 (москва убактысы боюнча).