Жаңылыктар

25.05.2016

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Министри Нурлан Алдабергенов Астана экономикалык форумунда “Евразия экономикалык биримдигиндеги монополияга каршы жөнгө салуу” баяндамасы менен чыгып сүйлөйт

Page Content2016-жылдын 25-майында IX Астана экономикалык форумунун алкагында “Атаандаштык саясатынын интеграциялык процесстердеги ролу” сессиясы болуп өтөт, анын модератору жана негизги баяндамачысы ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Министри Нурлан Алдабергенов болмокчу. Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы алдыңкы эксперттердин катышуусу менен өткөрүлүүчү бул иш чарада төмөнкүдөй маселелер талкууланат: атаандаштык саясатынын интеграциялык процесстердеги ролу, трансчек аралык товар рынокторундагы (эл аралык байланыш кызматтарынын (роуминг, тамак аш азыктары, жүк ташуучу автомобилдер жана кам тетиктер) атаандаштыктын абалы, нысапсыз атаандаштыкка тыюу салууларды сактоо, атаандаштыкка каршы макулдашуулар, үстөмдүк кылуучу абалды кыянаттык менен пайдалануу, “параллелдүү импортту” мыйзамдаштыруу боюнча иштердин жыйынтыктары, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү, ээлик кылуучу субъекттер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товардык рынокторуна басмырлоосуз жетүүсү, айрым рыноктордо атаандаштык маселелеринде өзү-өзү жөнгө салуу механизмдерин жайылтуунун перспективалары. Иш-чара өткөрүлүүчү жер: Казакстан Республикасы, Астана ш., Эгемендүүлүк сарайы, Салтанат залы.