Жаңылыктар

26.04.2016

Өнөр жай боюнча консультативдик комитетке караштуу жеңил өнөр жай боюнча эксперттик топтун бешинчи отуруму

Page Content26-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты боюнча департаменти Өнөр жай боюнча консультативдик комитетке караштуу жеңил өнөр жай боюнча эксперттик топтун бешинчи отурумун өткөрөт. Отурумда Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин кызматташуусун өнүктүрүү маселелери, жеңил өнөр жай продукцияларын, анын ичинде эл аралык электрондук соода аянтчаларын пайдалануу менен, үчүнчү тараптардын рыногуна чыгаруудагы өндүрүүчүлөрдү колдоо чаралары талкууланат. Ага ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын, Биримдик өлкөлөрүнүн жеңил өнөр жай ассоциацияларынын, ошондой эле Аралыктан соода жүргүзүү Улуттук Ассоциациясынын өкүлдөрү жана ЕАЭБ бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү чакырылган.