Жаңылыктар

29.07.2016

Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу жана мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар боюнча консультативдик комитетинин Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу комитетчесинин кеңейтилген отуруму

Page Content2016-жылдын 29-июлунда саат 11.00до атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Нурлан Алдабергеновдун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу жана мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар боюнча консультативдик комитетинин Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу комитетчесинин кеңейтилген отуруму болуп өтөт. Caterpillar жана Россияда анын расмий дилерлеринин казакстандык рынокко продукцияны алып келүүдөн баш тартуу иш аракеттерине карата “Евразиялык топ” (Казакстан) ЖЧЖ кайрылуусу боюнча иштин жыйынтыктарын кароо пландаштырылат. Кайрылуу Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Табигый монополияларды жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо боюнча комитети тарабынан ЕЭКке жөнөтүлгөн. Кеңешмеге Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин монополияга каршы органдарынын жетекчилери, Caterpillar компаниясынын дистрибьюторлору, дилерлери жана керектөөчүлөрү чакырылган. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча 11:30да ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Нурлан Алдабергеновдун жана Федералдык монополияга каршы кызматтын Статс-катчысы - жетекчисинин орун басары Андрей Цариковскийдин брифинги болуп өтөт. Прессаны аккредитациялоо: e-mail: laura@eecommission.org, +7 926 6802010, +7 495 6692400 доб.5412 - Лаура Жусупбекова, abdimaulen@eecommission.org, +7 9647694944, +7 495 6692400(вн.5479) - Арман Абдимаулен. Иш чара өткөрүлүүчү жер: Москва, Летниковская көч., 2-үй, 2-кур., Коллегия залы 1022 (10-кабат).