Page Content30-мартта
Ереванда «Евразия экономикалык бирлигинин кедергисиз базары» кеңешмеси өтмөкчү,
анда Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигине
(ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы ич ара соодадагы алып салуларды жана
чектөөлөрдү, анын ичинде кедергилерди чечтетүү боюнча иштер тууралуу айтып
берип, Армениянын ишкерлик коомчулугунун суроолоруна жооп бермекчи.
Кеңешменин
уюштуруучулары - Армения Республикасынын Эл аралык экономикалык интеграция жана
реформалар министрлиги, Евразия экономикалык комиссиясы жана Армениянын өнөр
жайчылар жана ишкерлер (жумшоочулар) бирлиги (СПП(Р)А).
Иш-чарада эл
аралык экомикалык интеграция жана реформалар вице-премьер-министри, Армениянын
атынан ЕЭК Кеңешинин Мүчөсү Ваче Габриелян, ЕЭК интеграция жана макроэкономикасынын
негизги багыттары боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая, ЕЭК
Коллегия Мүчөсү (Министр) Карине Минасян, СПП(Р)А Төрагасы Арсен Казарян,
Армениянын мамлекеттик органдары менен бизнес коомчулуктун өкүлдөрү.
Журналисттерди
иш-чарага катышууга чакырабыз. Ал 30-мартта саат 15.00дө төмөнкү даректе болот:
Ереван ш., Хоренаци көч., 15, «Элит плаза» бизнес борбору, 2-кабат,
конференц-зал.
Иш-чарага
jnazarova@eecommission.org электрондук почтасы же телефондор боюнча катталса
болот: +7 (495) 669-24-00, кош. 41-47, +7 (985) 847 34 63,
+7-910-460-04-17, ЕЭК пресс кызматынын кызматкери Юлия Назарова. Аты-жөн,
кызмат орун, басылманын аталышы жана байланыш маалыматы көрсөтүлүшү керек.