28
май

XIV "Антиконтрафакт-2026" эл аралык форуму

2026-жылдын 28-майында Казакстан Республикасынын борборунда XIV "Антиконтрафакт-2026" эл аралык форуму өтөт.


Форум – Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу жана өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн алдыңкы дүйнөлүк аянтча болуп саналат.

Быйылкы форумдун негизги темасы – "Контрафактсыз санариптик экономика: ишеним жана айкындуулук".

Форумдун программасына пленардык отурум жана контрафактка каршы күрөшүүнүн эң маанилүү аспекттери боюнча талкуу сессиялары кирет.

Негизги маселелердин катарында – интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү процесстерге жасалма интеллект технологияларын киргизүү, интернет-соодадагы керектөөчүлөрдү коргоо механизмдери, санариптик маркалоо жана материалдык эмес активдерди коргоо инструменттери бар. Эксперттер ошондой эле техникалык жөнгө салуу маселелерин, MLM-индустриясынын аспекттерин, тамеки продукциясынын рыногун көмүскөдөн чыгаруу стратегияларын жана жеңил өнөр жай рыногун коргоону талкуулашат.

Форумдун уюштуруучулары Евразия экономикалык комиссиясы, Казакстан Республикасынын Юстиция министрлиги жана "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы болуп саналат.

Бардык каалоочулар форумдун ишине офлайн жана аралыктан форматтарда катышууга чакырылат. Форумдун иши жөнүндө актуалдуу маалыматты форумдун расмий сайтынан алууга жана каттоодон өтүүгө болот.