ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдун пресс-конференциясы
Ал 2025-жылы Евразия экономикалык бирлигиндеги тышкы жана өз ара сооданын алдын ала жыйынтыктарын сунуштайт, БАЭ жана Монголия менен эркин соода жөнүндө кол коюлган макулдашуулардан күтүүлөрдү билдирет, Индонезия менен макулдашууга кол коюуга даярдыктар жана Индия менен сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө маалымдайт.
Андрей Слепнев Кытай менен өз ара соода боюнча чечимдер, Иран менен кызматташтыктын үч жылдык жол картасына кол коюу, ЮНКТАДда эл аралык соода-экономикалык күн тартибинин негизги маселелери боюнча ЕЭКтин позицияларын илгерилетүү жөнүндө айтып берет.
Ошондой эле кеп ЕАЭБде товарларды электрондук сатуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу, тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу, санариптик маркалоо тутумун өнүктүрүү жөнүндө болмокчу.
Мындан тышкары, ЕЭК министри 2025-жылы экономиканын тармактары үчүн ички рынокту коргоо чараларынын негизги көрсөткүчтөрүнө жана натыйжаларына токтолмокчу.
Соңунда Андрей Слепнев журналисттердин суроолоруна жооп берет..
Байланыш жана аккредитация үчүн байланыш маалыматтары: tsyplenkov@eecommission.org,
тел.: 8 (495) 669-24-00, кош. 41-49.