29
окт

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Виталий Вовктун суутек энергетикасы боюнча эл аралык конференция – 2026га катышуусу

2026-жылдын 29–30-октябрында Эл аралык соода борборунда (Москва ш., Краснопресненская жээги, 12) суутек энергетикасы боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык конференция өтөт.


Ишкер программанын алкагында төмөнкүлөр өткөрүлөт:

— «Энергоатлас: Суутек энергетикасынын технологиялары» санариптик экспозициясынын презентациясы;

— «Россиядагы суутек энергетикасынын келечеги: өнүгүүнүн негизги багыттары, артыкчылыктуу долбоорлор жана мамлекеттик колдоонун зарыл чаралары» стратегиялык сессиясы;

— «Суутек технологияларын киргизүү: пилоттон масштабдоого чейин» технологиялык сессиясы;

— «Эл аралык суутек диалогу: технологиялар, рыноктор, өнөктөштүк» сессиясы;

— «H₂ кыймылда: суутек транспортундагы мыкты тажрыйбалар» технологиялык сессиясы;

– Россия Федерациясынын айрым уюмдарында суутек технологияларын иштеп чыгуу жана практикалык жактан колдонуу менен таанышуу.

Конференцияга ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай блогунун, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын, тармактык уюмдарынын жана илимий коомчулугунун өкүлдөрү катышат.