Жаңылыктар

09.03.2023

Евразиялык кардиологдор ассоциациясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо чөйрөсүндө тармактык өз ара иштешүүсүн уюштурууга кошулат

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразиялык кардиологдор ассоциациясынын ортосунда саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө кызматтыштык маселелерин ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана "Евразиялык кардиологдор ассоциациясы" медициналык кызматкерлердин ассоциациясынын президенти, "Академик Е.И. Чазов атындагы Улуттук медициналык изилдөө кардиология борбору" ФМБМнын илимий-эксперттик иштер боюнча башкы директорунун орун басары Ирина Чазова талкуулашты.Жолугушуу ЕЭК штаб-квартирасында болуп өттү.

Сергей Глазьев ЕАЭБде саламаттыкты сактоону ар тараптуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, ал көп жагынан калктын жашоо деңгээлинин жана сапатынын жогорулашына өбөлгө түзөт.

Ирина Чазова өз кезегинде Евразиялык кардиологдор ассоциациясынын колдоосу астында жүрөк-кан тамыр жана чектеш оорулардын алдын алуу жана профилактикасы боюнча иштелип чыккан сунуштамалар жөнүндө айтып берди. Сунуштамалар басылып чыгарылган жана практик адистердин колдонуусу үчүн арналган. Ал Ассоциация тарабынан ЕАЭБде саламаттык сактоо чөйрөсүндө натыйжалуу тармактык өз ара иштешүүнү уюштурууга өбөлгө түзө турган илимий-эксперттик тармак түзүлгөндүгүн белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле ЕАЭБдин аймагында жүрөк-кан тамыр жана башка оорулардын алдын алууга көмөктөшүүчү биргелешкен иш-чаралардын сериясын өткөрүүнү талкуулашты.

Маалымат

2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында (Стратегия-2025) ЕАЭБ мамлекеттеринин саламаттык сактоо жаатында экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү каралат, анын ичинде жарандар үчүн заманбап жетишкендиктердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жагында саламаттык сактоо жаатында кызматташуу боюнча иш-чаралардын программасын иштеп чыгуу; алдыңкы ыкмаларга жана адистештирилген билимдерге жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча эл аралык форумдарды уюштурууга жана өткөрүүгө тиешелүү маселелерди изилдөө жана башка чаралар каралат.

"Евразиялык кардиологдор ассоциациясы" медицина кызматкерлеринин ассоциациясы – бул кардиология жаатындагы медициналык адистерге кесиптик, илимий жана практикалык тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берген коммерциялык эмес уюм. Ассоциация Евразия регионунун өлкөлөрүнүн медицина коомдоштугунун бирикмеси болуп саналат жана саламаттыкты сактоонун, медицина илиминин жана билим берүүнүн бир кыйла толук жана ар тараптуу өнүгүүсүнө, ошондой эле Евразия мамлекеттеринде кардиология чөйрөсүндө жана чектеш дисциплиналарда илимий-изилдөө, окутуу жана практикалык ишмердик жүргүзгөн медицина адистеринин кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөтөт.