Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кооперациясына каржылык көмөк көрсөтүү механизми мүчө мамлекеттерде технологиялык өнүгүүгө жана өндүрүштүн жаңы моделдерин түзүүгө, алардын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, курулуш материалдарын жана курулуш конструкцияларын өндүрүүчү компаниялар үчүн өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Бул тууралуу Улуттук курулуш материалдарын өндүрүүчүлөр бирикмесинин тармактык семинарында Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян билдирди.
"Курулуш материалдарын өндүрүү тармагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, технологиялар жана компетенциялар менен алмашуу Бирликтин бүтүндөй курулуш тармагын жандандырууга жардам берет", – деп баса белгиледи Георгий Арзуманян.
Семинар россиялык эң ири курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү бириктирген "Улуттук курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдүн жана курулуш индустриясынын бирикмеси" коммерциялык эмес ассоциациясы тарабынан уюштурулду.