Отурумдун жүрүшүндө улуттук валюталардагы эсеп-кысаптарды демилгелөө үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланды. Кеңешменин катышуучулары бизнестин улуттук валюталарды колдонууга кызыкдар болушу үчүн Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жана каржы агымдарын активдештирүү, тарифтик эмес бөгөттөрдү азайтуу, төлөм жана эсеп-кысап инфраструктурасын өркүндөтүү, ошондой эле жалпы рынокторду бир кыйла активдүүрөөк түзүү маанилүү экендигин белгилешти.
Россия Банкынын өкүлдөрү отурумдун катышуучуларын улуттук (борбордук) банктардын улуттук төлөм тутумдарынын өнүгүүсүн координациялоо боюнча жумушчу тобунун ишмердиги жөнүндө маалымдады.
Акыркы жети жылдын ичинде (2013-2020-ж.) ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өз ара эсеп-кысаптарында улуттук валюталардын үлүшү 63%дан 73,5%га чейин өскөн. Үчүнчү өлкөлөр менен төлөмдөрдүн түзүмүндө АКШ доллары үстөмдүк кылган. Анын импорт үчүн эсеп-кысаптардагы үлүшү – 36,7%, экспорт үчүн – 55,5% түзгөн. Бул отун-энергетика товарларынын экспортунун олуттуу үлүшүнүн болушуна байланыштуу. Ошол эле мезгилде улуттук валюталардагы эсеп-кысаптардын андан аркы өсүшү үчүн потенциал бар.