Жолугушуунун катышуучулары ЕЭКтин жана мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жашыл экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо, статистикалык классификациялар, Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча андан аркы өз ара аракеттенүү, расмий статистикалык маалыматтарды чогултуу жана жайылтуу процессинде санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү, анын ичинде маалыматтарды жана метадайындарды алмашуунун эл аралык стандартын (SDMX) киргизүү жаатындагы биргелешкен иштер жөнүндө пикир алмашышты.
Мындан тышкары, улуттук статистикалык кызматтардын жетекчилери кыска мөөнөттүү перспективага улуттук статистикалык тутумдарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат менен бөлүшүп жана биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизишти.
Жолугушууда улуттук статистика кызматтары расмий статистикалык маалыматты түзүү үчүн административдик дайындар, "чоң дайындар сыяктуу жаңы маалымат булактарын колдонууга көбүрөөк көңүл буруп жатышкандыгы белгиленди.
Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук статистика кызматтарынын жана Комиссиянын андан аркы өз ара аракеттенүү чөйрөлөрү аныкталды. Бул Бирликтин расмий статистикалык маалыматтарынын шайкеш келүү жана салыштыруу деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.