Георгий Арзуманян: "ЕАЭБде өнөр жай долбоорлорун каржылоо механизми технологиялык жана индустриалдык эгемендүүлүктү бекемдөөгө мүмкүндүк берет"

Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Беларусь жана Россия региондорунун XI Форумунда Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай долбоорлорун каржылоонун жаңы механизмин презентациялады.

Георгий Арзуманян ЕАЭБде экономиканын реалдуу секторунда биргелешкен демилгелерди колдоонун жаңы улуттуктан жогорку инструментин ишке киргизүүнү ченемдик-укуктук камсыздоо бөлүгүндө жасалган иштер жөнүндө айтып берди, өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо, бекитүү жана ишке ашыруу боюнча негизги ыкмалар менен тааныштырды.

"Өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы улуттуктан жогорку механизми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлери менен өнөктөштүктүн алкагында кызматташтыктын потенциалын аныктоого жана иш жүзүндө жүзөгө ашырууга багытталган жана технологиялык жана индустриалдык эгемендүүлүктү бекемдөөгө иштиктүү салым кошууга мүмкүндүк берет", — деп баса белгиледи ал.

Мындан тышкары, Георгий Арзуманян сессиянын катышуучуларынын назарына ЕАЭБдеги кооперациялык кызматташтыкты каржылык эмес колдоо инструментин — Евразиялык технологиялык платформаларды сунуштады.

"Евразия технологиялык платформалары улуттук өнөр жай комплекстерин өз ара пайдалуу инновациялык өнүктүрүүгө дем берүү, келечектүү коммерциялык технологияларды, жогорку технологиялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны түзүү жана жайылтуу үчүн мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөлөрдөгү потенциалын бириктирет", — деп белгиледи Георгий Арзуманян.

Өз сөзүнүн аягында ал кызыкдар катышуучуларга, өзгөчө региондордогу, аталган механизмдин деталдары менен кеңири тааныштырууга даярдыгын билдирди, ошондой эле Екатеринбургда 8–11-июлда ИННОПРОМ эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө көрсөтүү пландаштырылып жаткан Комиссиянын стендин келип көрүүгө чакырды.