Георгий Арзуманян: "Жеңил өнөр жайды өнүктүрүү жана өнөр жай кооперациясын жөнгө салуу – ЕЭКтин артыкчылыктарынын бири"

Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян КМШнын Экономикалык өнүктүрүү боюнча бизнес борбору тарабынан уюштурулган экинчи Евразиялык көргөзмөсүнүн – "ЛЕГПРОМ СНГ+" жеңил өнөр жай конгрессинин пленардык отурумуна катышты.

Отурумдун катышуучулары ЕАЭБдин жана КМШнын жеңил өнөр жай тармагынын абалын, жеңил өнөр жай буюмдарынын ички рынокторго жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуусу боюнча орун алган тоскоолдуктарды, учурдагы геоэкономикалык реалдуулуктардын шарттарында экспорттук-импорттук төлөмдөрдү камсыздоо маселелерин карашты. Иш-чарада жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча күн тартибин илгерилетүүдө интеграциялык бирикмелердин тажрыйбасы көрсөтүлдү, ар кандай уюмдар тарабынан – мыйзамдык–укуктук маселелерден тартып ирилештирилген жарманке-көргөзмө иш-чараларына чейин ишке ашырылып жаткан биргелешкен демилгелерди айкалыштыруу жана күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Георгий Арзуманян белгилеп өткөндөй, жеңил өнөр жайы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн орто мөөнөттүү келечекке өнөр жай кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыты болуп саналуу менен жалпысынан Бирликтин көпчүлүк мамлекеттеринде өсүштүн оң динамикасы менен мүнөздөлөт.

"Ошону менен бирге сапаттуу чийки зат менен камсыздоо, анын ичинде баштапкы чийки затты кайра иштетүү, химиялык булаларды жана жиптерди өндүрүүнү жөнгө салуу, техникалык текстилди өнүктүрүү, ЕАЭБ аймагында негизги жабдууларды жана көмөкчү материалдарды, биринчи кезекте станокторду, аз тоннаждык химия продукциясын өндүрүүнүн жоктугу сыяктуу бир катар олуттуу көйгөйлөр дагы эле орун алууда. Бул маселелерди чечүү биздин өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан күчөтүлгөн көңүл бурууну, системалуу мамилени жана комплекстүү колдоону талап кылат", – деп белгиледи Георгий Арзуманян.

Анын айтымында, тармакты технологиялык өнүктүрүү маселелери, эмгек ресурстарынын тартыштыгы жана компетенциялар борборлорун түзүү зарылдыгы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Дискуссиянын алкагында тармакты колдоонун учурдагы чаралары боюнча толук пикир алмашуу болду. Атап айтканда, ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин өкүлү ЕАЭБдеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтүүнүн улуттуктан жогорку жаңы инструменти жөнүндө кеңири айтып берди.