ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча мамилелерди иштеп чыгуу тапшырмасын беришти
09.06.2023

Сочиде Евразия өкмөттөр аралык кеңеши климаттык күн тартибинин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кызматташтыгы боюнча иш-чаралардын биринчи топтомун ("Жол картасын") ишке ашыруу жөнүндө маселени карады.

Көрсөтүлгөн иштин алкагында Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана негизги соода өнөктөштөрүнүн төмөн көмүртектүү өнүгүү чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарын талдоо боюнча комплекстүү баяндама даярдалган.

Бул документтин тыянактарына негизденип, Бирлик өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагында кооперациялык климаттык долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле төмөн көмүртектүү өнүгүүнү өбөлгөлөөнү караган климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча мамилелерди иштеп чыгууну тапшырышты.

"Атап айтканда, кеп кызыкдар мүчө мамлекеттер жана үчүнчү тараптар тарабынан эл аралык тенденцияларды эске алуу менен кооперациялык климаттык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжаларын колдонуу үчүн шарттарды түзүү жөнүндө болушу мүмкүн. Ошондой эле эң мыкты эл аралык практикалардын жана негизги соода өнөктөштөрдүн тажрыйбасынын негизинде климатты коргоо чөйрөсүндө валидация жана верификация боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук тутумдарына макулдашылган мамилелерди түзүү мүмкүн", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Мындан тышкары, бул мамилелердин алкагында мүчө мамлекеттердин ар кандай климаттык жөнгө салуусунан келип чыккан чектөөлөргө жана тоскоолдуктарга жол бербөө, анын ичинде экономикаларды декарбонизациялоо пландары боюнча маалымат алмашуу жана координациялоо боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Тийиштүү мамилелерди Бирликтин органдарынын кароосуна 2024-жылдын I жарым жылдыгында берүү пландаштырылууда.

Маалымат

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-октябрындагы отурумунда кабыл алынган, климаттык күн тартибинин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин кызматташтыгы боюнча иш-чаралардын биринчи топтому ("Жол картасы"), ЕӨАКНын 2021-жылдын 20-августундагы № 10 тескемесин аткаруу максатында түзүлгөн Бирликтин мүчө-мамлекеттеринин позицияларын жакындатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.