Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына жыл сайын алып келүүнүн көлөмдөрүн белгилөө менен Кытай Эл Республикасында чыгарылган алюминий фольгага жана титан диоксидине карата демпингге каршы чараларды колдонуу жөнүндө чечимдердин долбоорлорун карап чыгууну тапшырды, алардын алкагында демпингге каршы алым алынбайт.
"Фольгага тиешелүү учурда көрсөтүлгөн көлөмдөр Беларусь Республикасы үчүн 385 тоннаны, Казакстан Республикасы үчүн 2025-жылы 500 тоннаны, 2026-жылы 1 000 тоннаны, 2027-жылы 1 300 тоннаны, 2028-жылы 1 500 тоннаны, 2029-жылы 1 650 тоннаны, 2030-жылы 1 650 тоннаны, Кыргыз Республикасы үчүн — 325 тоннаны түзүшү керек. Титандын диоксиди боюнча кеп Армения Республикасы үчүн 250 тонна, Беларусь Республикасы үчүн 4 500 тонна, Казакстан Республикасы үчүн 5 000 тонна жана Кыргыз Республикасы үчүн 300 тонна жөнүндө болуп жатат", — деп тактады ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Бул товарларды мүчө мамлекеттер үчүн белгиленген ар жылдык көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн ташып келүү (баа милдеттенмелеринин алкагынан тышкары) алардын максаттуу багыты ырасталганда ишке ашырылат.
Тапшырмага ылайык маселе ЕЭК Коллегиясы тарабынан 2025-жылдын 14-октябрына чейин каралышы керек.