Евразия өкмөттөр аралык кеңеши кадрдык потенциалды өнүктүрүү үчүн жакынкы үч жылга транспорт саясаты боюнча жол картасын иш-чаралар менен толуктады.
Ошентип, 2024-жылдын 1-октябрында макулдашылган 2024-2026-жылдарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн координацияланган транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына (жол картасына) дагы үч иш-чара киргизилди:
- мүчө мамлекеттердин транспорт тармагынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүнүн мыкты тажрыйбаларына мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кызматкерлерди тартуу жана квалификациясын жогорулатуу;
- мүчө мамлекеттер Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2023-жылдын 14-ноябрындагы № 31 "Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү эң көп талап кылынган кесиптерге квалификациялык талаптар жөнүндө" сунуштамасында аныкталган квалификациялык талаптарды колдонуусуна мониторинг жүргүзүү;
- жарандык авиация чөйрөсүндөгү талаптарды кошпогондо, транспорт чөйрөсүндө эң көп талап кылынган кесиптерге квалификациялык талаптарга тиешелүү сунуштарды даярдоо.
Жол картасы транспорт чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө, бирдиктүү транспорттук мейкиндикти жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүгө багытталган.
Жол картасынын жаңы пункттары жогорку кесипкөй адистерди рационалдуу пайдалануу, аларга кесиптик жана квалификациялык талаптарды шайкеш келтирүү, кадрларды даярдоону жана персоналдын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылган атаандаштыкка жөндөмдүү борборлорду өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кызмат кылат.