Евразия өкмөттөр аралык кеңеш өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан аларды ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү жөнүндө жобону бекитти.
Жобо Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын тапшырмаларына ылайык иштелип чыккан жана Бирликте өнөр жай кооперациясына финансылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы программасынын негиз салуучу документи болуп саналат.
"Бул механизм өнөр жайды интеграциялык өнүктүрүү жолундагы олуттуу окуя болуп саналат, анткени экономиканын реалдуу секторунда кооперацияны өбөлгөлөө үчүн биринчи жолу улуттуктан жогорку финансылык инструмент түзүлүүдө, – деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. — Өнөр жай кооперациясына финансылык көмөк көрсөтүү программасы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачат жана биздин өлкөлөрдүн мындан аркы технологиялык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Жаңы механизм өнөр жайдын дараметин өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн иштелип чыккан потенциалды ишке ашырууну өбөлгөлөөгө, жаңы технологиялык чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө, анын ичинде чакан экономикаларга жеткиликтүүлүктү кепилдүү түрдө камсыз кылууга багытталган, бул өздүк өндүрүштүк потенциалды өстүрүү жана бүтүндөй евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн зарыл өбөлгөлөрдү түзөт".
Кабыл алынган Жобо долбоорлорду тандоо тартибин жана критерийлерин, зайымчыларга жана финансылык уюмдарга карата талаптарды, механизмге катышууга табыштама берүү жол-жобосун, тараптардын ар биринин кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга контролдугун жана жоопкерчилигин аныктайт.
Долбоорлорду тандоо критерийлери бир нече негизги шарттарды аткаруу болуп саналат. Кооперациялык долбоор, эгерде анын катышуучулары Бирликтин үч же андан ашык мамлекеттеринин ишканалары болсо, каралышы мүмкүн. Жобого ылайык, долбоор бир же бир нече маанилүү натыйжаларга жетишүүгө багытталышы керек, мисалы, жаңы ишкананы түзүү же аны кайра жабдуу, кошумча нарк чынжырын түзүү, экспортту көбөйтүү, сооданын же инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу. Ал эми ишкерлер аны беш жылдык мөөнөттө ишке ашырышы керек.
Эгерде финансылык көмөк көрсөтүүнүн сандык көрсөткүчтөрү жөнүндө айта турган болсок, ушул убакытка карата тараптар төмөнкү маселелер боюнча макулдашты: субсидиянын өлчөмү долбоорду каржылоо жүрүп жаткан улуттук валютанын негизги (эсептик) ченинин (негизги чендин 100%ы) өлчөмүнө барабар болушу керек, ошол эле учурда жылына бир долбоор боюнча субсидиянын максималдуу өлчөмү 350 миллион россиялык рублинин эквивалентинен ашпашы зарыл. Механизмге катышкан банктын максималдуу чени негизги чендин 6,5%га көбөйтүлгөн деңгээлинен ашпоого тийиш. Кооперациялык долбоорлордун келип түшүшүнө жараша Комиссия жылына эки жолу алардын тизмесин түзөт жана баллдык система боюнча келип түшкөн демилгелердин артыкчылыгын бөлүштүрөт.
"Кооперациялык долбоорлорду колдоо программасы кийинки жылы ишке кирет деп ишенебиз. Буга Бирликтин бюджетинде болжол менен 1,8 млрд россиялык рубль каралган жана биз механизмди толук кандуу ишке киргизүү үчүн кызыктуу долбоордук сунуштарды күтөбүз", – деп түшүндүрдү Артак Камалян.
Маалымат
Чечим 2023-жылдын 25-майында кол коюлган, ЕАЭБ жөнүндө келишимге Бирлик мамлекеттери тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.