ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары Астанадагы санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүн көрүп чыгышты

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 28-майда Астана шаарында V Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem AI жасалма интеллект эл аралык борборунда ачылган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санариптик жетишкендиктеринин көргөзмөсүн көрүп чыгышты.


Экспозицияда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү санариптик инструменттер да көрсөтүлдү.

Тактап айтканда, Комиссиянын стендинде Евразия экономикалык бирлигинин Интеграцияланган маалыматтык тутумунун мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. ИМТ олуттуу маалыматтардын чек ара аралык алмашуусун камсыз кылуу менен бирикмедеги санариптик интеграциянын технологиялык негизи болуп саналат.


Скачать исходники фотографий