29-майда Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйынынын алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары Бирликте жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Документ Казакстан Республикасынын Президенти, ЖЕЭКтин Төрагасы Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунда баяндалган артыкчылыктарды ишке ашыруу максатында даярдалган.
Бул билдирүү стратегиялык жана алкактык мүнөзгө ээ жана мүчө мамлекеттердин ЕАЭБ экономикасында жасалма интеллект технологияларын жоопкерчиликтүү өнүктүрүү жана колдонуу багытында макулдашылган түрдө илгерилөөсү үчүн негиз түзөт.
Анда мүчө мамлекеттердин санариптик эгемендүүлүгү ырасталат, объективдүүлүк, басмырлабоо жана этикалуулук принциптери, ошондой эле Бирликтин ички рыногунда жаңы тоскоолдуктарга жол бербөө боюнча багыттар бекитилет.
Документ жасалма интеллект чөйрөсүндө практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, жөнгө салуу тажрыйбасы менен алмашууга жана технологиялык жана өндүрүштүк чынжырчалардагы кооперацияга багытталган.
Багыттардын бири катары Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында илгерилетилип жаткан ишенимдүү жасалма интеллекттин эл аралык принциптери аталган.
Билдирүүнүн жоболорун ишке ашыруу санариптик трансформацияны тездетүүгө, мүчө мамлекеттердин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, жарандар жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшүүгө тийиш.