Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери Москвада өткөн II Евразия экономикалык форумунун ишкер программасынын алкагында "АӨКтү өнүктүрүүнүн заманбап парадигмасы: глобалдык чакырыктар, ачылган мүмкүнчүлүктөр" панелдик сессиясында каралды.
Спикерлер татаал экономикалык шарттарга карабастан, мүчө мамлекеттердин жана Евразия экономикалык комиссиясынын биргелешкен чараларынын натыйжасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексинин динамикалык өнүгүүсү камсыздалганын белгилешти.
«Бирлик өлкөлөрүнүн айыл чарбасы оң натыйжаларды көрсөтүүдө. Акыркы беш жылда өндүрүштүн көлөмү 114,4% өсүп, жемиштерди кошпогондо, негизги айыл чарба продукциялары боюнча өзүн-өзү камсыздоонун жогорку деңгээлине жетти. Ошону менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрү материалдык-техникалык ресурстар боюнча импорттук көз карандылыкка ээ болуу менен олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда, – деп белгиледи ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. – 2022-жылы Бирликтин рыногуна өндүрүш каражаттарын тышкы жеткирүү 5 млрд АКШ долларынан ашты. Мындай кырдаал чакырык катары гана эмес, бул багыттарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү катары да каралат. ЕЭКте агроөнөр жай комплексинде импортту алмаштыруу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу жана мүчө мамлекеттерге инновациялык технологияларды киргизүү иштери жүрүп жатат”.
ЕАЭБ агроөнөр жай комплексинин дүйнөлүк аренада маанилүү оюнчу катары калыптанышын көңүлгө алуу менен, сессиянын катышуучулары Бирлик өлкөлөрүнүн технологиялар жана инновациялар, логистика жана ташуу, дүйнөлүк экономикадагы теңсиздикке туруктуу жогорку технологиялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү агроөнөр жай өндүрүшүн калыптандыруу үчүн тармактын кадрдык потенциалын санариптештирүү жана бекемдөө чөйрөсүндө кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү зарылдыгын баса белгилешти.
Ушуга байланыштуу бирдиктүү экосистеманы түзүү жана мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу аспаптарынын, тармакты өнүктүрүүнү колдоонун, алдыңкы технологияларды, агроазыктүлүк секторун башкаруунун санариптик платформаларын жана системаларын колдонуунун негизинде иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу агроөнөр жай чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин кызматташтыгынын артыкчылыгы болуп калышы керек.
Панелдик сессиянын катышуучулары инновациялык, жогорку технологиялык аспаптарды, биринчи кезекте айыл чарбасында (циркулярдык экономика) жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу үчүн андан ары киргизүүгө тиешелүү бир катар сунуштарды талкуулап жана колдоп, селекцияны жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүн интенсивдештирүүнүн, асыл тукум айыл чарба жаныбарларынын генетикалык потенциалын жогорулатуунун негизинде тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгына макул болушту. Ошондой эле дыйканчылыктын так ыкмаларын, акылдуу айыл чарба техникасын жана альтернативдүү мал чарба продукциясын өндүрүүнү кеңейтүү боюнча аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн талкуулашты.
Талкуунун катышуучулары ЕАЭБде органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун калыптандырууну жана мындай продукциянын өндүрүшүн жана суроо-талапты демилгелөө боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууну колдошту. Тараптар ошондой эле чоң маалыматтарды талдоонун, продукцияны жеткирүү тизмегинде жасалма интеллектти жана блокчейн технологиясын колдонуунун негизинде агроөнөржай комплексинде санариптик башкаруу системасын өнүктүрүү үчүн өз ара аракеттенүүнү арттырууну жана дүң-бөлүштүрүү борборлорунун иштөө эрежелерин, принциптерин, технологияларын жана бирдиктүү тармактык стандарттарды колдонуу менен товарларды бөлүштүрүү тармактарын өнүктүрүүнү макулдашышты.
Сунушталган сунуштар Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында АӨК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органдарынын катышуусу менен каралат.
Маалымат
Евразия экономикалык форуму — Евразия экономикалык бирлигинин жыл сайын өтүүчү ишкердик иш-чарасы. Ал азыркы учурда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылган ЕАЭБ мамлекетинде кезеги менен өткөрүлөт. Форум ири, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрүнө, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилерине жана өкүлдөрүнө, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жетекчилерине жана мүчөлөрүнө, Бирликтин алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар эл аралык, илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнө багытталган.