Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен биргеликте өндүрүш чынжырларын интеграциялоо, инновациялык технологияларды өнүктүрүү жана мүчө мамлекеттердин ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ЕЭКтин ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Гоар Барсегян Москвада өткөн "Жаңы доор – жаңы жолдор" дүйнөлүк форумунун катышуучуларынын II Ар жылдык жолугушуусунун жүрүшүндөгү "Чоң Евразиялык өнөктөштүк: өнүгүүнүн векторлору жана инструменттери" пленардык отурумунда ЕАЭБ алкагында бул ишмердикке басым жасады.
Гоар Барсегян евразия мейкиндигинде туруктуу экономикалык өсүш жана соода байланыштарын кеңейтүү шарттарын түзүү үчүн евразиялык "бешилтикке" катышуучу өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын каржылык колдоо механизминин ишке киргизилиши жакшы мисал болуп саналат."Бирлик өнөр жай секторун жана АӨК өнүктүрүү боюнча стратегиялык максаттарды ишке ашырууда туруктуу прогрессти көрсөтүүдө. Биздин биргелешкен долбоорлор ички рынокту бекемдөөгө гана эмес, ЕАЭБдин экспорттук потенциалын дүйнөлүк деңгээлде жогорулатууга да өбөлгө түзөт", – деп билдирди ЕЭК министри.
"Механизмди ийгиликтүү ишке киргизүүнү жана аны экономиканын индустриалдык секторунда практикалык колдонууну эске алуу менен Комиссия азыркы учурда аны агроөнөр жай комплексине жайылтуунун үстүндө иштеп жатат", – деп белгиледи Гоар Барсегян.