Жаңылыктар

02.12.2022 (Обновлено: 13.12.2022 11:03)

Гоар Барсегян: «ЕАЭБ менен Кытай өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү үчүн күчтөрүн бириктирип жатат»

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян IV «Азыркы Кытай жана Евразия боюнча евразиялык изилдөөлөр» конференциясынын катышуучуларына саламдашуу сөзүндө билдирди. Иш-чара 2-декабрда Ереванда «Кытай-Евразия» стратегиялык изилдөөлөр жана саясий кеңешинин демилгеси менен өттү. 

ЕЭК департаментинин директору ЕАЭБ менен Кытай Эл Республикасынын өз ара аракеттенүүсүнүн мүнөзүн аныктаган заманбап тенденцияларга токтолуп, Евразия экономикалык бирлик менен Кытай дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды калыптандырууда негизги ролду ойноорун белгиледи.

Гоар Барсегян ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын өнүккөн инфраструктурасы тууралуу, бул Чоң Евразиялык өнөктөштүк концепциясын ишке ашыруу үчүн бекем негиз болуп саналарын жана жалпы мамилелерди, компромисстерди жана экономиканы өз ара күчөтүү үчүн чектерди издөө аркылуу Бирликти кытайлык “Бир алкак, бир жол” демилгеси менен байланыштыруу боюнча мындан аркы аракеттер жөнүндө маалымат берди.

Бирликтин ШКУдагы өнөктөштөрү, биринчи кезекте Кытай Эл Республикасы менен бирге Евразия континентинде ишке ашырылышы мүмкүн болгон глобалдык демилгелердин бири катары Комиссиянын өкүлү Чоң Евразиядагы транспорттук-логистикалык мегадолбоорду атады. Бул долбоор транспорттук коридорлорду синхрондуу өнүктүрүүнү жана каттамдарды санариптик трансформациялоону, бирдиктүү бажы транзиттик системасын түзүүнү камтыйт.

Маалымат

Конференцияда Кавказ жана Жакынкы Чыгышта кытайлык “Бир алкак, бир жол” демилгесин практикалык ишке ашыруу, Евразия чөлкөмүндө санариптештирүү жана киберкоопсуздук маселелери, Евразиянын Батышы жана Чыгышынын кызыкчылыктарын айкалыштыруу контекстинде Кытайдын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, Азия-Тынч океан аймагындагы экономикалык өнүгүү стратегиясы, Азиядагы БРИКС жана ШКУнун ролу талкууланды.

Ачылыш аземине Кытай Эл Республикасынын Армения Республикасындагы
Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Юн Фан, Шанхай кызматташтык уюмунун Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча комиссиясынын башкы катчысы Чжэн Вэй, Армения Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коомчулук менен байланыш жана маалымат борборунун директору Гор Царукян жана Кытай-Евразиялык саясий жана стратегиялык Армения 2022 изилдөөлөр кеңешинин директору, AsiaGlobal илимий кызматкери Мхер Сахакян катышышты.