Гоар Барсегян: "Өзбекстандын экономикалык потенциалы ЕАЭБдин алкагындагы кооперациялык кызматташтыкка өбөлгө түзө алат"

20-апрелде Ташкентте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян "ИННОПРОМ. Борбордук Азия" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн "Технологиялык хабдар – Евразиянын жаңы өнөр жай ландшафты" пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.

Гоар Барсегян Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекет катары Өзбекстан менен өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын жана жетишилген жогорку деңгээлин белгиледи.

"Өзбекстан Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн мааниси барган сайын өсүп жатат. Бул туурасында, атап айтканда, өнөр жай секторундагы өз ара кооперациялык жеткирүүлөрдүн артышы жана өткөн жылы болжол менен 7,5 миллиард АКШ долларына жеткен товар жүгүртүүнүн өсүшү күбөлөндүрөт. Жаңы биргелешкен долбоорлор жана демилгелер үчүн олуттуу өбөлгөлөр түзүлдү", – деп баса белгиледи Гоар Барсегян.

ЕЭК министринин пикири боюнча, Өзбекстандын экономикалык потенциалы ЕАЭБ алкагында өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, санариптик жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кооперациялык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө боло алат.

Ал Өзбекстан Бирликтин өлкөлөрүнүн тармактык ассоциациялары менен биргеликте "Робототехника" евразиялык технологиялык платформасынын ишине катышып жатканын эске салды. Анын максаты – өнөр жай роботтору чөйрөсүндө кызматташуу жана биргелешкен инновациялык өндүрүштүк-технологиялык чынжырларды түзүү болуп саналат.

Сессия аяктагандан кийин Гоар Барсегян ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациясын каржылоо программасына катышууга талапкер боло турган мүчө мамлекеттердин жана Өзбекстандын инновациялык өндүрүмдөрү көрсөтүлгөн көргөзмөнүн экспозициясы менен таанышты.