19-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын жетекчилиги алдында Евразия технологиялык платформаларынын (ЕТП, техплатформалар) II Съезди болуп өттү.
Иштеп жаткан 18 техплатформанын өкүлдөрү менен алардын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн жогорулатуу жана жайылтуу маселелери, колдоо механизмдери, ошондой эле ЕТП тарабынан демилгеленген мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну каржылоо маселелери талкууланды.
Гоар Барсегян илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөлөрдө кооперацияны өнүктүрүү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин өнөр жайлык өнүгүүсү үчүн биринчи даражадагы мааниге ээ экенин баса белгилеп өттү.
"ЕАЭБ мейкиндигинде инновациялык ишмердүүлүктү координациялоонун негизги инструменттеринин бири, инновациялык чөйрөдө кооперациянын жана кызматташтыктын локомотиви болуп евразиялык технологиялык платформалар институту саналат, алар мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын кыйла келечектүү жана илим сыйымдуу индустриалдык секторлоруна Бирлик өлкөлөрүнүн мыкты иштеп чыгууларын бириктирип жана жайылта алышат", – деп белгиледи ал.
Министр ЕАЭБде өнөр жай кооперациясын активдештирүү үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдоонун жаңы финансылык механизми жөнүндө билдирди.
"Каржылоо механизми катары Комиссиянын бюджетинен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга берилген экинчи деңгээлдеги банктардын кредиттери жана зайымдары боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо аныкталган", – деп Гоар Барсегян белгилеп, мындай долбоорлорго үстүбүздөгү жылга Комиссиянын бюджетинде болжол менен 1,8 млрд рубль каралганын кошумчалады.
Өз кезегинде ЕТП катышуучулары ЕЭК менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүү тажрыйбасын, тармактык маселелерди чечүүдө Комиссиянын координациялык ролунун маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле техплатформалар институтун андан ары өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын беришти.
Съезддин жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды, ага ылайык евразиялык ЕТП ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын ролун күчөтүү жана бардык этаптарда аларды каржылоо булактары бөлүгүндө мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы механизмдери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча бир катар чаралар каралды.