Гоар Барсегян менен Андрей Кузнецов өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
07.08.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян 7-августта ЕЭКтин штаб-квартирасында Беларусь Республикасынын өнөр жай министри Андрей Кузнецов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.


Өнөр жай тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, Минскте өткөрүлө турган ИННОПРОМ эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында биргелешкен иш-чараларды даярдоо, ошондой эле беларус ишканаларынын өнөр жай кооперация долбоорлоруна катышуусу талкууланды.

Гоар Барсегян Евразия экономикалык бирлигинин өнөр жай күн тартибин ишке ашыруу боюнча Беларусь менен кызматташуунун позитивдүү мүнөзүн белгилеп, Комиссиянын консультативдик органдарынын ишине өлкөнүн өкүлдөрүнүн жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Иштин маанилүү багыттары боюнча Беларусь Республикасы менен үзгүлтүксүз байланыштар кооперацияны тереңдетүүгө өбөлгө түзөт жана жаңы демилгелер, технологиялык өнөктөштүк жана өз ара сооданы кеңейтүү үчүн негиз түзөт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.



 

Скачать исходники фотографий