Евразия экономикалык бирлигинин өнөр жай чөйрөсүндө өз ара иштешүүнүн келечектүү багыттарын Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары – Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров талкуулашты.
Атап айтканда, каржылык колдоонун улуттуктан жогорку механизмин пайдалануу менен кооперациялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу, өнөр жайда бирдиктүү санариптик платформаны түзүү, мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруу маселелери каралды. Ошондой эле ЕАЭБдин өнөр жай саясаты боюнча кеңешин өткөрүү жөнүндө кеп болду.
"Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министрлиги менен биргеликте биз бардык багыттар боюнча мындан аркы ишке даярбыз, биздин өз ара кызматташууну бекемдөө боюнча жалпы кызыкчылыктарды бөлүшөбүз", – деп белгиледи Гоар Барсегян.
Тараптар өз ара пайдалуу жаңы демилгелердин үстүндө биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты. Денис Мантуров Гоар Барсегянга ушул жылдын апрель айында Ташкентте өтө турган "ИННОПРОМ. Борбор Азия" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык сессиясында чогуу чыгып сүйлөөнү сунуштады.
Маалымат
2023-жылы ЕАЭБ өнөр жайы оң динамиканы көрсөткөн. Жалпысынан Бирлик боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,7%га өскөн. Иштетүү өнөр жайынын өсүү арымы өзгөчө жогору – ал 7,4%га өскөн.