Наталья Петкевич жана Гоар Барсегян Бирликтин алкагында өнөр жайды жана АӨК өнүктүрүүнү талкуулашты

25-июнда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары, ЕЭК Кеңешинин төрагасы Наталья Петкевич менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жайды жана АӨК өнүктүрүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, кооперациялык байланыштарды чыңдоого, тармактарды технологиялык өнүктүрүүгө жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна каржылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке ашырууга Беларустун катышуусу боюнча сунуштар, технологиялык платформалардын ишин өркүндөтүү, ошондой эле өнөр жайда импортту алмаштыруунун жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү программасын иштеп чыгуу боюнча демилгелер каралды. "Евразия экономикалык жолу" декларациясын аткаруу боюнча милдеттер, "ИННОПРОМ. БЕЛАРУСЬ" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн даярдоо талкууланды.

Мындан тышкары, тамак-аш азыктарын жана дары-дармек препараттарын өндүрүү үчүн микроорганизмдердин штаммдарын түзүүнүн мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгуу маселелери козголду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар талкууланган бардык багыттар боюнча үзгүлтүксүз диалогду улантуунун маанилүүлүгү жөнүндө бир пикирге келишти.