Жаңылыктар

17.04.2024

Гоар Барсегян Казакстан Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен ЕАЭБдеги өнөр жайды жана АӨК өнүктүрүүнү талкуулады

17-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын Казакстанга жумушчу сапарынын алкагында ЕЭК Кеңешинин мүчөсү, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Серик Жумангарин, Казакстан Республикасынын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция боюнча вице-министри Жанель Кушукова жана Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш боюнча вице-министри Жаннат Дубирова менен жолугушуулар болуп өттү.

Гоар Барсегян менен Серик Жумангариндин жолугушуусунун жүрүшүндө өнөр жайдын жана агроөнөр жай комплексинин негизги маселелери, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграциянын бир катар актуалдуу темалары талкууланды. Тараптар жогоруда аталган тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашышты.

Айдарбек Сапаров менен ЕЭК министринин жолугушуусунда макулдашылган агроөнөр жай саясатын ишке ашыруу жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Казакстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, АӨКтү санариптик өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жүгүртүү (ГИМ-үрөн бөлүгүндө) маселелери козголду.

Гоар Барсегян жана Жанель Кушукова Бирликтин органдарынын алдыдагы отурумдарынын күн тартибинин актуалдуу маселелерин карашты. ЕЭК министри Жанель Кушуковага мүчө мамлекеттердин өнөр жайындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке ашыруунун учурдагы маселелери жөнүндө маалымдады.

Жаннат Дубирова менен жолугушууда 2030-жылга чейин ЕАЭБ алкагында өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын иштеп чыгуу талкууланды.