15-майда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча министри Гоар Барсегян БРИКС Аялдардын ишкердик форумунун "БРИКС жана эл аралык институттар: туруктуу келечектин өбөлгөсү катары күчтөрдү бириктирүү" панелдик сессиясында чыгып сүйлөдү.
Сессиянын катышуучуларынын көңүл борборунда БРИКС күн тартибин ЕАЭБ, ЮНИДО, ШКУ, АСЕАН, МЕРКОСУР жана башка эл аралык уюмдар менен интеграциялоо маселелери болду.
Гоар Барсегян белгилегендей, дүйнөлүк экономиканын жаңы конфигурациясынын локомотиви катары БРИКС өлкөлөрү менен системалуу диалогду өнүктүрүү Комиссиянын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.
"Муну эске алуу менен өнөр жай тармагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында Бирликтин БРИКС менен системалуу диалогун түзүү боюнча ишти жөнгө салууну сунуштайм", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.