Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Минск шаарында, «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларына Евразия экономикалык комиссиясынын стендин тааныштырды.
ЕЭК министри акыркы жылдары ЕАЭБ мамлекеттеринин өнөр жай дараметинин ырааттуу өнүгүшүн белгилеп, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү боюнча Комиссиянын ишинин негизги багыттары жөнүндө айтып берди.
Гоар Барсегян Бирликтеги өнөр жай кооперациясына каржылык көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал мүчө мамлекеттердин ишканаларынын биргелешкен кооперациялык долбоорлорун колдоого багытталган бул маанилүү механизмди ишке киргизүү жана ишке ашыруу боюнча иштин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымдап, өнөр жайлык өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү мисалдарын тааныштырды.
«Өнөр жай кооперациясы – Евразия экономикалык бирлигинин технологиялык жана өндүрүштүк потенциалын чыңдоонун негизги инструменттеринин бири, – деп баса белгиледи ЕЭК министри. – Бул иште конкреттүү кооперациялык долбоорлорду колдоого жана макулдашууларды практикалык натыйжаларга айлантууга мүмкүнчүлүк берген каржылык көмөк көрсөтүү механизми өзгөчө мааниге ээ. Учурда биздин портфелде жалпы инвестициянын көлөмү 30 млрд рублга жакын 23 демилге бар. Алардын сегизи жактырылып, Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн ишканаларынын катышуусу менен ишке ашырылууда. Бул темир жол инфраструктурасы, машина куруу, микроэлектроника жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагындагы долбоорлор. Бул багыттар боюнча өз ара жеткирүүлөрдүн күтүлгөн көлөмү беш млрд рублди түзөт, бул Бирликтин алкагында импортту алмаштыруу жана өздүк технологияларды өнүктүрүү үчүн туруктуу базаны калыптандырууга өбөлгө түзөт».
Гоар Барсегян ошондой эле учурда каржылык көмөк көрсөтүү механизмин агроөнөр жай комплексине жайылтуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын, бул Бирлик өлкөлөрүнүн экономикасынын реалдуу секторундагы кооперацияны колдоону кеңейтүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.
ЕЭК министринин пикиринде, өнөр жай кооперациясын андан ары өнүктүрүү мүчө мамлекеттердин ишканаларынын биргелешкен долбоорлорго кыйла кеңири катышуусун, өнөр жай товарлары менен өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшүн жана жаңы технологиялык чынжырларды калыптандырууну болжолдойт.