22-апрелде Ташкентте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян "ИННОПРОМ. Борбордук Азия" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн башкы пленардык сессиясына катышты, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана Өзбекстан Республикасынын өнөр жай чөйрөсүндөгү инновациялык үлгүлөрдүн көргөзмө экспозициясы менен таанышты.
Гоар Барсегян Евразия экономикалык комиссиясында жана Бирликтин Ишкер кеңешинде уюштурулган "ЕАЭБ: өнөр жай кооперациясына көмөктөшүүнүн жаңы инструменттери" панелдик сессиясында баяндама менен чыгып сүйлөдү. Министр Комиссиянын эгидасы астында ИННОПРОМ эл аралык өнөр жай форумунун аянтчасында, Ташкентте өнөр жай саясатын ишке ашыруунун жаңы инструменттерине жана ЕАЭБде өнөр жай кооперациясын тереңдетүүгө арналган иш-чара өткөрүлүп жатканын белгиледи.
"Өнөр жай комплекстерин технологиялык өнүктүрүү жана Бирлик өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу биздин интеграциялык күн тартиптин негизги милдеттеринин бири бойдон калууда. Буга биздин өлкөлөрдүн тажрыйбасын жана потенциалын бириктирүү менен, заманбап өнөр жай продукциясын өндүрүүнү колдоо механизмдерин жана жагымдуу шарттарды түзүүнүн аркасында жетишүүгө болот", – деп белгиледи Гоар Барсегян.
Министр ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн 2023-жылдагы оң динамикасы жөнүндө маалымдады, анын көрсөткүчтөрү мурунку жылга салыштырмалуу 3,7%га көбөйгөн. Анын айтымында, өсүш Бирликтин бардык мүчө мамлекеттеринде катталган. Кайра иштетүү өнөр жайы дагы өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен мүнөздөлгөн, тактап айтканда – 7,4%га өскөн.
"2015-жылы Евразия экономикалык бирлиги иштей баштаган учурдан тартып, ЕАЭБ өлкөлөрүндө өз ара жеткирүүлөр 2,3 эсеге көбөйгөн. Бирок биз ушуну менен эле токтоп калбайбыз жана дымактуу максаттарыбызга жетүү үчүн жаңы ыкмаларды кеңейтүү зарыл деп эсептейбиз", – деп белгиледи министр.Гоар Барсегян белгилеп өткөндөй, Бирликтин алкагында учурда түзүлгөн кооперацияны колдоо инструменттери ЕАЭБ алкагында жана байкоочу өлкөлөр менен Евразиялык технологиялык платформалардын мисалында интеграциялык кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.
"Учурда биз евразиялык технологиялык платформалардын жаңы форматынын үстүндө иштеп жатабыз. Буга байланыштуу мүчө мамлекеттердин катышуусу менен, үстүбүздөгү жылдын июнь айына Евразия экономикалык бирлигинин штаб-квартирасында чоң иш-чара пландаштырылган", – деп билдирди ал.Министрдин пикири боюнча, технологиялык платформалар технологиялар трансферине басым жасоо менен илимий-технологиялык жана инновациялык кооперацияда натыйжалуу тутумдук курал болуп калышы керек.
"Өзбекстандык кесиптештерибиз "Жарандык авиация" технологиялык платформасынын ишине катышууга чоң кызыгуу көрсөтүп жатышат, биз да бул багытта өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин көрүп жатабыз", – деди Гоар Барсегян.