28-29-апрелде Ташкентте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян "ИННОПРОМ. Борбордук Азия" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты.
Көргөзмөнүн негизги иш-чарасы "Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөр жай өнөктөштүгү: алдыңкы технологиялардын негизинде интеграция" пленардык сессиясы болду, анда Гоар Барсегян Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өнөр жай кызматташтыгынын артыкчылыктары жана Өзбекстандын ишканалары менен кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөдү.
"ЕАЭБ өлкөлөрү Өзбекстан Республикасы менен кооперациялык байланыштарды активдүү өнүктүрүшүүдө. Машина куруу, учак куруу, химия жана жеңил өнөр жай тармактарындагы биргелешкен долбоорлор келечектүү болушу мүмкүн. Аларды ишке ашырууга жана бул багыттар боюнча өндүрүштү өстүрүүгө ЕАЭБ өлкөлөрү да, Өзбекстан да кызыкдар", – деп белгиледи Гоар Барсегян.
Көргөзмөнүн талааларында Гоар Барсегян Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министри Ерсайын Нагаспаев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. ЕАЭБ алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.
Мындан тышкары, Гоар Барсегян "Tashtib-Tex" ЖЧКсы Ташкент текстиль комбинаты" ишканасына барып, анын жүрүшүндө жеңил өнөр жай чөйрөсүндө жана ЕЭК менен Өзбекстан Өкмөтүнүн 2024-2026 – жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.