Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директорунун орун басары Алина Казачёнок 1-октябрда Келишимдик мамилелер боюнча X Санкт-Петербург эл аралык форумунда, «Келишимдик тутум: 2027-жылга чейинки негизги максаттар жана өнүгүү багыттары» пленардык отурумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндөгү мамлекеттик сатып алуулардын актуалдуу маселелери жана 2027-жылга карата келечеги тууралуу айтып берди.
Алина Казачёнок ЕАЭБ үчүн мамлекеттик сатып алуулардын тоскоолдуксуз чөйрөсүн калыптандыруу милдети өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи, мында бир мүчө мамлекеттин жеткирүүчүсү башка мамлекеттин сатып алууларына түшүнүктүү, ачык-айкын жана басмырлоосуз шарттарда катышууга мүмкүнчүлүк алат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуулар бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүнүн гана эмес, ошондой эле атаандаштыкты, өз ара сооданы, өнөр жай кооперациясын жана технологиялык эгемендикти өнүктүрүүнүн куралына айланууда.
ЕЭК департаментинин жетекчисинин орун басары Бирликтеги мамлекеттик сатып алуулар рыногунун көлөмү жана түзүмү, сатып алууларды санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери, жеткирүүчүлөрдүн чек ара аралык жеткиликтүүлүгүнүн көйгөйлүү аспектилери, Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрин кеңейтүү жана анын иштөө келечеги жөнүндө маалыматтарды сунуштады.
«Биздин ишибиздин натыйжалуулугунун көрсөткүчү болуп ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин Бирликтин мамлекеттик сатып алууларына өз ара катышуусунун реалдуу өсүшү саналат», – деп жыйынтыктады Алина Казачёнок.
X Санкт-Петербург эл аралык форумунун ишине Россия Федерациясынын бийлик органдарынын, бизнестин өкүлдөрү жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер катышты.