Жаңылыктар

14.09.2022 (Обновлено: 23.09.2022 11:47)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары Россияда өз алдынча ишкер катары иштей алышат

Россия Федерациясынын "Кесиптик кирешеге салык" атайын салык режимин белгилөө боюнча экспериментти жүргүзүү жөнүндө" федералдык мыйзамына ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өз алдынча кызмат көрсөткөн же иштерди аткарган жарандары (бала багуучулар, репетиторлор, такси айдоочулар, ашпоздор, тигүүчүлөр, чач тарачтар, электриктер, сантехниктер ж.б.) Россияда өз ыктыяры менен өз алдынча ишкер катары каттала алышат. Өз алдынча ишкер статусу – бул мыйзамсыз ишкердик ишмердик үчүн жоопкерчиликке тартылуу тобокелдигисиз мыйзамдуу киреше алуу.

Өз алдынча ишкер катары катталуу Россия Федерациясында мыйзамдуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп саналат.

Өз алдынча ишкер болуу үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН) жана салык төлөөчүнүн Жеке кабинетинде каттоо эсебине ээ болуу жетиштүү. "Мой налог" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, анда жеке кабинеттин логин-сыр сөзү менен катталуу зарыл. Өз алдынча ишкерлер үчүн кабинеттин веб-версиясы да бар.

СИН жок болгон учурда аны жарандар менен иштеген каалаган салык инспекциясынан беш жумуш күнүнүн ичинде алууга болот. Ал үчүн арыз жана паспорт керек. СИНди алгандан кийин, ошол эле жерде жеке кабинетке логин-сыр сөздү алууга болот. Бул болгону 15 мүнөттү талап кылат.

Ошондой эле, ыйгарым укуктуу банктарга кайрылуу аркылуу да өз алдынча ишкер катары катталуу мүмкүн. Ыйгарым укуктуу банктардын тизмеги Россиянын Федералдык салык кызматынын сайтында жарыяланган https://npd.nalog.ru/credit-orgs/.

Өз алдынча ишкерлер төмөнкү өлчөмдөрдө салык төлөшөт:

- жеке жактарга кызматтарды көрсөтүүдө/иштерди аткарууда 4%;

- юридикалык жактарга же жеке ишкерлерге кызматтарды көрсөтүүдө/иштерди аткарууда 6%.

Бул маселе боюнча кененирээк маалыматты Россиянын Федералдык салык кызматынын сайтынан бул шилтеме боюнча алууга болот https://www.nalog.gov.ru/rn77/news/activities_fts/8261361/


Маалымат

Өз алдынча ишкерлер – бул жумуш берүүчүсү, жетекчиси же жалданма жумушчулары жок жактар. Алар майда соода менен алектенишет же калкка жана компанияларга каалаган өлчөмдөгү кызматтарды көрсөтүшөт жана алган кирешесинен мамлекетке салык төлөшөт.