ЕАЭБ боюнча керектөө бааларынын индекси июль айында 2023-жылдын июнуна салыштырмалуу 100,6%ды түздү

Евразия экономикалык бирлиги боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын июлунда 2023-жылдын июнуна салыштырмалуу 100,6%ды, 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 103,6%ды түздү.

Декабрь айына салыштырмалуу акы төлөнүүчү кызматтарга баалардын олуттуу өсүшү (6%га) белгиленген. Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк товарларына баалар 3%га, азык түлүк эмес товарларга — 2,6%га жогорулаган.

Азык-түлүк товарларына баалардын ЕАЭБ боюнча деңгээлден көбүрөөк өсүшү Казакстанда (5,9%га), Кыргызстанда (4,6%га) жана Беларуста (3,2%га) катталган.

Азык-түлүк эмес товарларга баалардын жогорку көрсөткүчү Кыргызстанда (6,9%га) жана Казакстанда (5,9%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө — Беларуста (6,2%га) жана Россияда (6,1%га) белгиленген.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.