Евразия экономикалык бирлиги боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын декабрында 2023-жылдын ноябрына салыштырмалуу 100,7%ды, 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 107,5%ды түздү.
2022-жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалардын олуттуу өсүшү байкалган (8,7%). Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк товарларына баалар 7,8%га, азык түлүк эмес товарларга — 6,3%га жогорулаган.
Азык-түлүк товарларына баалардын ЕАЭБ боюнча деңгээлден көбүрөөк өсүшү Казакстанда (8,5%га) жана Россияда (8,2%га) катталган. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын жогорку көрсөткүчү Кыргызстанда (12,2%га) жана Казакстанда (9,1%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө — Казакстанда (12,4%га) жана Кыргызстанда (9,1%га) белгиленген.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.