Евразия экономикалык бирлиги боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын октябрь айында 2023-жылдын сентябрына салыштырмалуу 100,8%ды, 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу - 105,6%ды, 2022-жылдын октябрына салыштырмалуу - 107,0%ды түзгөн.
2022-жылдын октябрына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалардын олуттуу өсүшү байкалган (9,8%). Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк товарларына баалар 6,3%га, азык түлүк эмес товарларга — 5,7%га жогорулаган.
Азык-түлүк товарларына баалардын ЕАЭБ боюнча деңгээлден көбүрөөк өсүшү Казакстанда (10,4%га) жана Кыргызстанда (7,2%га) катталган. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң көп жогорулашы Кыргызстанда (13,8%га) жана Казакстанда (11,1%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө — Казакстанда (11,0%га) белгиленген.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.