ЕАЭБ боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2023-жылдын башынан тарта 107,8%ды түздү

Евразия экономикалык бирлиги боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2023-жылдын июнунда 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 107,8%ды, үстүбүздөгү жылдын майына салыштырмалуу — 99,9%ды түзгөн.

2022-жылдын декабрь айына салыштырмалуу тоо-кен өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүүчүлөрдүн бааларынын олуттуу өсүшү (11,9%га) өсүшү белгиленген. Ошол эле учурда өндүрүүчүлөрдүн баалары "электрдик камсыздоо, газ, буу берүү жана абаны кондициялоо" ишмердигинин түрү боюнча – 8,1%га, иштетүү өнөр жайында – 6,8%га, "суу менен камсыздоо; канализация тутуму, калдыктарды чогултууну жана бөлүштүрүүнү контролдоо" ишмердигинин түрү боюнча - 5,3%га өскөн.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.